Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

 Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 24-октябрда кол койду.

Маалымат:

Шабданбек Алишев 1980-жылдын 3-октябрында туулган. Жогорку билимдүү.

2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой эле “Оймо” жаштар креативдик студиясы” коомдук уюмунун директорунун орун басары болуп иштеген;

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн референти;

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;

2011-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген;

2022-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Связанный пост