Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

 Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын вице-мэри Олег Попиковдун төрагалыгы алдында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, анда жылытуу мезгилинин башталышы талкууланды.

Гидрометборбордун маалыматын эске алып, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2022-жылдын 26-октябрында эртең менен баштоо чечимин кабыл алды.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Связанный пост