Салык кызматы: 10 айда 360 миң бөтөлкө алкоголь мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартылып алынды

 Салык кызматы: 10 айда 360 миң бөтөлкө алкоголь мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартылып алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын 10 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 368 миң 123 бөтөлкө алкоголдук продукцияны жана 226 миң 50 куту тамекини аныктап, тартып алышты.

Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркаларсыз же жасалма маркалары менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга байланыштуу болгон.

Акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалоо жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салууга алып келерин Салык кызматы эскертет.

Мында ири өлчөмдө жасалган жогорудагы жосундар 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ишкерлерге тамеки же алкоголдук продукцияны акциздик маркаларсыз сатпоону, ошондой эле акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары, алкоголдук же тамеки буюмдарын дүң жана чекене сатуу менен алектенген ишкерлерде сатып алынган жана сатууга арналган продукцияга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы жана электрондук эсеп-фактурасы болушу зарыл.

Связанный пост