Салык кызматы өлкөгө кондиционерлерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады

 Салык кызматы өлкөгө кондиционерлерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кондиционерлерди ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” контролдоо-өткөрүү пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда жалпы суммасы 1,4 млн сомдук GREE маркасындагы 34 даана кондиционерди ташып бара жаткан автоунаа кармалган.

Импорттоочунун коштомо кагазында бул товар белгиленген эмес.

Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратура органына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост