Баткен облусуна 1 миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилди

 Баткен облусуна 1 миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилди

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 млн 53 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

“Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат”, – деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгиленгендей, республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.

Өз кезегинде, жалпы облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.

Связанный пост