Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына барды

 Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Связанный пост