Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күнгө жабылат

 Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күнгө жабылат

 Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-25-26-27-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.

Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Жибек Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
  • Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.

Белгилей кетсек, «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.

Связанный пост