Президент күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 Президент күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, Минкаб мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жж. күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өт өрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кеңешменин катышуучуларына экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалымат уккандан кийин Мамлекет башчысы калктын жана экономиканын тармактарынын энергоресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды.

Ошондой эле, алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Связанный пост