Футбол боюнча 2023-жылкы Азия кубогу кайсы өлкөдө өтөөрү аныкталды

 Футбол боюнча 2023-жылкы Азия кубогу кайсы өлкөдө өтөөрү аныкталды

Бүгүн, 17-октябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитети Катар футбол ассоциациясын 2023-жылкы Азия кубогун өткөрүү үчүн кабыл алуучу ассоциация катары бекитти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия кубогу үчүн оюндар 2024-жылдын январында өтмөй болду.

Финалга 24 команда, анын ичинде Кыргызстандын курамасы чыккан.

  • Катар (турнирдин ээси)
  • Австралия
  • Япония
  • Иран
  • Ирак
  • Түштүк Корея
  • Ливан
  • Палестина
  • Оман
  • Кытай
  • БАЭ
  • Сауд Аравия
  • Вьетнам
  • Иордания
  • Сирия
  • Өзбекстан
  • Индия
  • Бахрейн
  • Тажикстан
  • Тайланд
  • Малайзия
  • Гонконг
  • Индонезия.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өткөн. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашып, бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте жүрдү. Оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы Азия кубогуна жолдомо алган.

Связанный пост