Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда

 Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун тазалоону улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, линияда 37 атайын техника, анын ичинде «МАЗ» үлгүсүндөгү 22 кар тазалоочу агрегат, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөгү менен , 4 «УКМ-2500» универсалдуу техникасы, ошондой эле жаңы атайын кар тазалоочу 2 “Bobcat” техникасы.

48 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды.

Мындан сырткары ишкананын  38 кызматкери тартылган.

Связанный пост