Коом

Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (ЧонЧитать далее

Укук тартиби

Жалал-Абадда УКТ мүчөлөрүнө көмөктөшкөн мурдагы милиция кызматкери кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат УКТ мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, […]Читать далее

Укук тартиби

Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында эмгек министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. […]Читать далее

Аймак

Кытайлык компания Нарынга шамал жана күн электр станциясын курууну пландоодо

21-январда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кытайлык “NBTC Limited” компаниясынын башкы директору менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Энергетика министрлиги менен “NBTC Limited” кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана “NBTC […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымын сабоого шектелген жаран кармалды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМКга С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын […]Читать далее

Укук тартиби

Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду

Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулуктун материалдык негиздерин жана финансылык шарттарын жоюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин шартында иштеген «воровской общак» деп аталган кылмыштуу топтун каржылоо каналына […]Читать далее

Укук тартиби

Ала-Бука районунун башкы архитектору жер тилкелерин туугандарына мыйзамсыз каттаган

Ала-Бука районунун башкы архитектору тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы архитектор Ж.М.Ж. иш учурунда 10 сотук жер тилкесин мыйзамсыз туугандарынын атына каттатып койгон, буга чейин аталган жер тилкеге эки коммерциялык имарат курулуп, алар коммерциялык максатта активдүү пайдаланылып келген, алсак: […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына (Татарстан Республикасы) 20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктады.   Мамлекет башчысы Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.   Өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилешип, кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө эки тараптын умтулууларын ырасташты.   Сапардын алкагында ошондой эле Президент Садыр […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фондунун кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халиф бин Жассим Аль-Кувари менен жолугушту.   ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине токтолушту.   Тактап айтканда, Бишкек шаарында клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратынын курулушу (жалпы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Казанда «Келечек оюндарынын» ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-февралда, Казань шаарында (Татарстан Республикасы) «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу аземди Россиянын Президенти Владимир Путин сөз сүйлөп ачты.   Иш-чарага Россиянин лидеринин чакыруусу менен Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты.   Мамлекет башчылары өз өлкөлөрүнүн оюнчулары менен эне тилдеринде саламдашышты. Ачылыш аземден […]Читать далее