Аймак

Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө

Майрамдык салтанат Т.Кулатов атындагы борбордук стадиондо өзгөчө шаң менен өтүүдө. Шаар калкын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер куттуктады. Алгач маданият кызматкерлери тарабынан шаардын түзүлүүсү,түптөлүүсү сахналаштырылды. Көрүүчүлөргө белгилүү кыргыз эстрадасынын жылдыздары Темир Назаров, Иляз Абдразаков, Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Нурайым Акылбековалардын жагымдуу чыгармалары тартууланууда.Читать далее

Саясат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.   Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.   “Үстүбүздөгү жыл биздин […]Читать далее

Саясат

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапары менен

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.   “Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.   Андан соң, өлкөгө расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли […]Читать далее

Президент

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзам 2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин узартууну караган мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 53432 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы сентябрь айында 3864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров жана ШКУ башкы катчысы Чжан Мин

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.   Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна катышуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.   «Биз ШКУ ишмердүүлүгүнүн бардык […]Читать далее

Коом

23.10.23 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада жүздөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 23.10.23 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 115 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.   Бишкек шаарында жалпы 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.Читать далее

Аймак

Кызыл-Кыя шаарына 125 жыл: Бүгүн шаарда бала бакча, веложол жана

Иш чара илимий конференция менен башталып ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер баш болгон жетекчилер, облустун активи жана Кызыл-Кыя шаарын буга чейин жетектеген жетекчилер, тарыхчылар катышты. Конференцияда шаардын түзүлүү,түптөлүү тарыхы тууралуу докладдар окулуп,шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Мааракенин урматына шаарда […]Читать далее

Коом

Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын

Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов аталган билим берүү мекемесинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, келечекте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мындай долбоорлор башкаларга үлгү катары болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, долбоорго ылайык сапаттуу аткарылышын […]Читать далее