Коом

Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын соода жана инвестициялар боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду. Меморандумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду. Белгилей кетсек, бул Монгол тарап менен инвестиция чөйрөсүндө байланыш түзүүдөгү […]Читать далее

Билим

Окуучулардын күзгү каникулу 7 күнгө созулат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталарын маалымдайт. Тагыраагы, күзгү каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды. Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, Монголияга болгон сапарын жана өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон […]Читать далее

Билим

Кыргызстан менен Монголия ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документке КР Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева жана Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг кол коюшту.Читать далее

Коом

Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн

Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О. Ибраев жана «Goldwind Science & Technology Co., Ltd» кытайлык компаниясынын өкүлдөрү министрлик менен компаниянын ортосунда стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык келишимге жана конфиденциалдуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюу маселелерин талкуулашты. Аталган иш чара 2023-жылдын 24-27-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын […]Читать далее

Саясат

Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕӨАКтин

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөрүлөт. Жыйындардын жүрүшүндө уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу маселелери каралып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир катар документтерге кол коюлат. Белгилей кетсек, […]Читать далее

Коом

Жапалак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктады

Жапалак айылында Ж. Сасыкбаев 51 көчөсүндө фельдшердик-акушердик пункттун (ФАПтын) жаңы имаратынын курулушу аяктап, социалдык имарат менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Белгилей кетсек, калаа башчысы үстүбүздөгү жылдын июль айында Жапалак айылынын тургундары менен жолугушкан. Анда жергиликтүү жашоочулар эски имараттын ордуна жаңы ФАПтын имаратын куруу боюнча кайрылышкан. ФАПтын курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында башталып, […]Читать далее

Саясат

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөгө жумуш сапары менен келген Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-монгол мамилелеринин жетишээрлик жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан Монголия менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу мындан ары […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун авторлору менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту. Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге […]Читать далее

Коом

Бишкекте бюджеттин киреше бөлүгү 104%га ашык аткарылган

Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларында штабдын жыйындары өттү. Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов салык кызматынын жана жергиликтүү муниципалдык администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте 3 маселени карады: жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жүрүшү, 4-топтогу мүлккө (транспорт), жер жана мүлккө салык төлөөнүн абалы жана дебитордук береселер талкууланды. Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 […]Читать далее