Президент

Президент журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:   “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!   Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый […]Читать далее

Президент

Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.   Мамлекет башчысынын кайрылуусу:   “Урматтуу мекендештер!   Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт.   Эгемен Кыргызстандын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Гамбург шаарында өтүүчү Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт.   Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы–Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөрүлөт.   Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот.   Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чаралар […]Читать далее

Коом

Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду

Төө-Ашуудагы өрттөн куткарам деп милициянын эки кызматкери өмүрүн беришти   2023-жылдын 27-октябрында болжол менен саат 15.30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан күйүүчү май ташыган унаа кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.   Маалыматка ылайык, анын ичинен:   тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262; мас абалында рулга отуруу — 264; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42; жөө […]Читать далее

Коом

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Ош көчөсүнүн Ж. Райымбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдыктар башталып, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып, тургундар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Түшүндүрүү иштеринин алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу жолдун чек арасын тактап, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды.   Мамлекет башчысы Элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.   Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер Кабинетинде өлкөнүн айыл аймактарынын деңгээлинде ААР ишке ашыруу боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү. Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр Министрлер Кабинетинин башчысына пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты. Белгилей кетсек, ААР өткөрүү үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн […]Читать далее

Коом

Ош шаарында дагы 4 суу кампасы курулат

3-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, көчмө техникалык кеңешме өткөрүп, жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасын курулушунун жаңы долбоорун талкуулады. Көчмө жыйынга тиешелүү кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерлерин айтышты. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата Ош шаарында жалпы […]Читать далее

Коом

Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушту. Тараптар 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бадир Ал-Сулами Кыргыз […]Читать далее