Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда “Ватсап” группалардан аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап жаткандыгы тууралуу маалымат, 2023-жылдын 6-ноябрь күнү маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну […]Читать далее
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Гамбург шаарына жумушчу сапары менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен келди. Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышат, ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын Президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушмакчы. Бизнес-форумга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири болгон инсандын ишмердигин сүрөттөгөн “Элге арналган өмүр” көргөзмөсү менен таанышты. Андан соң Садыр Жапаров Абсамат Масалиевдин ишмердиги тууралуу даректүү тасманы көрүп, куттуктоо сөзү менен чыгып, анда […]Читать далее
Жыл башынан бери Нарын облусуна 23 млн долларлык чет элдик түз инвестиция тартылды. Бул Нарын облусунун тарыхындагы абдан чоң көрсөткүч. Салыштырып айтсак, 2019-жылдан бери облуска болгону 567 миң долларлык түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкулунун басма сөз кызматы маалымдады. Сырттан келген каражаттар негизинен экономикалык долбоорлорго жумшалууда. Учурда “Солтон-Сары” алтын кенинин […]Читать далее
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен 2023-жыл – экономикалык секирик жылы болсун деген ниетте 2 чоң пилоттук долбоорду ишке ашыруу максаты коюлган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Алар: Административдик аймактык реформа жана Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен ишке ашып жаткан айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду. Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө […]Читать далее
“Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарада сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет […]Читать далее
Бүгүн, 7-ноябрда Нарын шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чарада кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, ɵсүп-ɵнүгүшү үчүн кан-жанын берип, тарыхта татыктуу из калтырып кеткен ата-бабалар эскерилип, алардын жаркын элесине арналып куран окулду. 19-кылымдын башында кыргыздан чыккан баатыр, мекенчилдиктин жана атуулдуктун чыныгы үлгүсү Тайлак баатырдын, Октябрь революцияынын жеңишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин […]Читать далее