Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, өз ара иш-чараларды уюштуруу жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар ошондой эле алдыдагы С5+1 саммитине көңүл бурушту. Жолугушуунун аягында […]Читать далее
“Кыргызмунайзаттын” Беловодск мунай базасы мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2004-жылы Москва районунун Петровка айылында имараттары жана курулмалары (сыйымдуулугу 36 миң 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар) бар 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасынын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган. Тергөө иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска […]Читать далее
Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызматына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга […]Читать далее
Быйыл Талас облусу боюнча төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкандарды колдоо жана фасолдун баасын турукташтыруу максатында министрлер кабинети “Кыргыз агрохолдинг” ААКка төө буурчак сатып алуу үчүн 100 млн сом бөлгөн. Натыйжада дыйкандарды колдоо максатында 1 килограмм фасоль 95 сомдон сатып […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – алдамчылык аракеттеринин алдын алуу, аны аныктоо жана бөгөт коюу чараларын укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Кабыл алынган […]Читать далее
10-ноябрдан тарта Бишкекке каттаган поезддер жаңы график менен жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, борбордогу транспорттук тыгынды жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын муктаждыктарын талдоонун негизинде жаңы график иштелип чыкты. Анда күн сайын Бишкекке жумушка же окууга каттаган жүргүнчүлөр жумуш убактысы башталганга чейин өз убагында жетип, кечки саат 18:00дөн кийин үйлөрүнө кетиши үчүн […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 5-взводунун командири Улан Алымбеков билдирди. Анын айтымында, айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышып, жолдо тыгын пайда болгондо каршы тилкеге чыкпоого, аралыкты кеминде 500 метр сактоого тийиш. Белгиленгендей, оор жүк ташуучу автоунаалар “Сосновка” жана “Арал” […]Читать далее
Кыргызстанда «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү» долбоору улантылууда. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-октябрына карата долбоордун алкагында эки субъектке жалпы суммасы 2,85 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, программалык насыялардын жалпы көлөмү 100 млн сом түзөт. Долбоор аркылуу үрөн материалдын сапатын […]Читать далее
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда жетинчи эмиссиянын кошумча эмиссиясынын эсебинен жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Чыгаруу ар биринин номиналдык наркы 424 сомду түзгөн 27 065 652 жөнөкөй аталыштагы акциялардан турат. Анын жалпы суммасы 11 477 614 898 сомду түзөт. Чыгарылган акцияларды жайгаштыруу 2025-жылдын 31-октябрына карата реестрде катталган бардык акционерлердин арасында […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын калкты электр энергиясына болгон “Чексиз тарифке” өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып […]Читать далее