Өткөн жылы Кыргызстанда 211 миң тонна органикалык айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

 Өткөн жылы Кыргызстанда 211 миң тонна органикалык айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

2023-жылдын 12 айында ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 210 миң 968, 5 тоннаны түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди.

Чекирбаевдин айтымында, ошентип өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмү – 204 миң 440, 25 тонна, мал чарбачылык – 6 миң 527, 8 тоннаны түзгөн, экспорт боюнча органикалык айыл чарба продукциялар – 6 миң 391, 5 тонна жана эл аралык сертификат алган чарбалар 3165 тонна органикалык продукцияны экспорттошкон. Анын ичинен:

  • кара өрүк – 30 тонна;
  • каперсы – 40 тонна;
  • пахта – 400 тонна;
  • даары чөптөр – 58 тонна;
  • жапайы продукциялары (жангак, кактын түрлөрү, мисте, бадам) – 370 тонна;
  • фасоль – 2000 тонна.

Связанный пост