Баткен облусунун туристтик потенциалы жогору. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймактагы туризмди өнүктүрүү кеңешинин отурумунда билдирди. Жыйынга облус башчысы бдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү жетекчилер жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алгач Баткен облусунун аймагын комплекстүү өнүктүрүүнүн модели катары Мадыген геопаркын […]Читать далее
Кыргызстандын ата мекендик продукциясын Кытайдын рынокторуна экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташуу жүнүндө меморандум Экономика министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү менен “КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы”, “ЖИА Бизнес ассоциациясы” жана “КР Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы” бирикмелеринин ортосунда түзүлдү. Тараптар Кытайдын рынокторуна ата […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Нур-Кубат”пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. «Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. Жаңы жылдын алдында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, […]Читать далее
Ош шаарында дарыкана жана азык-түлүк дүкөнүнүн кызматкери күчтүү дарыларды рецептсиз сатышкан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, […]Читать далее
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары, кыштоого каттоочу жолу да жабылган. Жерине Нарын райондук өзгөчө […]Читать далее
Нарын облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан. Өнүктүрүү программасы КР министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, жогорку окуу жайлардын илимий кызматкерлери менен бирге иштелип чыгууда. Бүгүн президенттин өкүлчүлүгүндө Нарын облусунун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюна жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик […]Читать далее
Бишкекте тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркады. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 2024-жылдын 17-январында КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган. Тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду, калганы Бишкек шаарындагы ооруканаларда. Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары […]Читать далее
Былтыр 960 миңге чукул жол эрежесин бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы бакшармалыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Азамат Исраиловдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме […]Читать далее
Бүгүн, 17-январда саат 12:30га карата Аламүдүн коктусунда жоголгон адамды издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси А.Асанов, маалымат кызматы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун дрон кызматынан А. Картайганов жетектеген ыкчам топ чыгышты. Мындан сырткары, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги менен 24, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 38, […]Читать далее
Энергетика министрлиги япониялык компания менен гравитациялык энергия алуу жаатында кызматташат
Токио шаарында КР Энергетика министрлиги менен япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө кол коюлган меморандумду алмашуу аземи өттү. Министрликтен билдиришкендей, аталган документке 2023-жылдын 29-ноябрында КР энергетика министри Таалайбек Ибраев жана япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын башкы директору Накамура Рёта кол коюшкан. Меморандумду алмашуу аземине видеоконфренция байланышы аркылуу катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын […]Читать далее