Бишкектеги тик учактын кыйрашы: Айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду

 Бишкектеги тик учактын кыйрашы: Айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду
Бишкекте тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркады. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
2024-жылдын 17-январында КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду, калганы Бишкек шаарындагы ооруканаларда.
Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулду.

Связанный пост