Экономика

2024-жылы инфляцияны 5-7%да кармап турууну пландап жатабыз — Чоро Сейитов

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. “Инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү. 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз”, – деди ал. Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын […]Читать далее

Коом

Сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга Айыл чарба министрлиги колдоо

Сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет. Бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы менен ИДП жан башына 2 миң долларга

2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылга карата экономикалык көрсөткүчтөр жаңы ыкмалар боюнча кайра каралып, анын жыйынтыгында өсүү темпинин көрсөткүчү өскөн. Андан кийин 2023-жылга карата эмес такталды. Ошентип, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза […]Читать далее

Президент

Президент: Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз

Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинди билдирди. Мамлекет башчысы тышкы карызга байланыштуу узатылган суроого жооп берип жатып, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулбагандыгын, кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткендигин баса белгиледи. “Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, […]Читать далее

Аймак

А.Эргешов: 2023-жылы Нарын облусунун бардык тармактарынын көрсөткүчтөрүндө өсүш болду

2023-жылы Нарын облусунун бардык тармактарынын көрсөткүчтөрүндө өсүш болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов жылдын жыйынтыгын чыгарган иш чарада маалымдады. Алсак, өнөр жай тармагында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 4 миллиард 675,2 миллион сомго жетип, өсүү темпи 114,7 % түздү. Облус боюнча 1746,7 миң тонна көмүр казылып, өткөн жылга салыштырмалуу 38,5 миң […]Читать далее

Аймак

А.Алимбаев: Туризм – Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Министрлер Кабинетинин жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында, Баткен облусунун туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча маалымат берди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул багытта 2023-жылы облуста бир катар долбоорлор даярдалып,бир канчасы ишке ашты. Ички жана чет элдик туристтерди Баткендин […]Читать далее

Укук тартиби

Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө

Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин менен “луттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте “Би-Би” аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн текшеришкен. Анткени, буга чейин интернет тармагына аталган балдар бакчасында башка улуттун кийимдерин кийгизип, диний сабактар өткөрүлүп жатканы тууралуу видео тараган. Текшерүү […]Читать далее

Аймак

2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган

2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук (22 млн 600 миң АКШ доллары) түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, жыйын ушул тапта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Нарын облусунун башчысы түз […]Читать далее

Uncategorized @kg

Быйыл аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат – Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угуп, сөз сүйлөдү. Анда министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаров башында турган 3 жылдан берки башкарууда өлкө экономикасынын реалдуу секторунда, […]Читать далее

Аймак

Баткенде былтыр социалдык 52 объект пайдаланууга берилди

2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 52 обьект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Облуста жыл ичинде пайдаланууга берилген объекттер: 21 мектеп; 10 бала бакча; […]Читать далее