2024-жылы инфляцияны 5-7%да кармап турууну пландап жатабыз — Чоро Сейитов

 2024-жылы инфляцияны 5-7%да кармап турууну пландап жатабыз — Чоро Сейитов

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

“Инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү. 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз”, – деди ал.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, өткөн жылдын аягына карата инфляция 7,3%ды түздү, бул 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын декабрына чейинки аралыкта. 2022-жылдын аягында көрсөткүч 14,7%ды түзгөн.

Связанный пост