Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сокулук райондук сотунун бүгүн, 26-январдагы өкүмү менен айыпталуучу Э.А.Э.га 80 миң сом айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленди. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды. […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын
Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында 2024-жылдын 26-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, […]Читать далее
Кара-Суу районунда акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган. Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырье […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады. Билдирүүдө ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталып жатканы айтылат. Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87.Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Дордой Моторс” базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды. Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон. Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык […]Читать далее
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имаратынын салтанатуу ачылышы өттү. Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А. Соловьева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров жана өрт өчүрүүчү куткаруучулары катышты. Заманбап […]Читать далее
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин ырасташты. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны өтүп, анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев муфтийлик кызматтан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, […]Читать далее
2024-жылдын 24-январында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борбору ачылды. Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов тестирлөө борборунун ачылышы студенттер үчүн келечектүү долбоор экенин айтып, тилдерди үйрөнүүгө чакырып, тил билүү менен көптөгөн мүмкүчүлүктор ачыларын белгиледи. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров […]Читать далее
“Туратали” аталышында Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан жеке ишмер “К. Жээнбеков” базарынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суудагы “Туратали” базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Белгиленгендей, жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп […]Читать далее