Укук тартиби

Мамлекетке 2 млн сом зыян келтирген сот аткаруучуга кылмыш иши

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш иши козголду. Алсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылышып, аларга жазалар белгиленип, мамлекетке келтирилген 310 млн. 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү […]Читать далее

Коом

Ош шаарында базарлар иретке келтирилет

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйындын жүрүшүндө учурда аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга базарлардын аймагын тез ара ичинде тартипке келтирүү, башаламан соодага каршы […]Читать далее

Кырсык

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир нече ирет жер силкинди

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө уланууда. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, күн мурун күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду. Андан тышкары, бүгүн эле таңкы саат 06:17де жана 07:55те очогунда күчү 4 баллга жеткен […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады. Бүгүн турнирдин “F” тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки […]Читать далее

Коом

Саламаттык сактоо министри бир катар медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен

Бүгүн, 2024-жылдын 25-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетине, Евразия эл аралык университетине пландан тышкаркы иш сапары менен барып, окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү процесси менен таанышты. Ал ошондой эле студенттер практикалык көндүмдөрдү алган университеттин клиникасында болду. Андан соң ЭМУнун колледжине барды. Министр ЖОЖдор менен колледждердин материалдык-техникалык базасы жана жабдылышы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге Синьюй шаарында өрттөн адамдар

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл […]Читать далее

Президент

Президент Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды.   Ал жакка барганында Мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн футбол-жеңил атлетика манежин көрүп чыкты.   Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин алкагында футбол-жеңил атлетика манежинде жылытуу, желдетүү системасы жаңыртылган, жаңы терезелер жана кошумча жарыктандыруу орнотулган, ошондой эле канализациялык […]Читать далее

Коом

Жер титирөөдөн кийин 214 көп кабаттуу туурак-жай текшерилди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш конролдоо башкармалыгынын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана ишженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун инспекторлору тарабынан курулуп жаткан жана эксплуатацияланган (жарандар жашап жаткан) көп кабаттуу турак жайлардын монолиттүү темир-бетон каркастарынын, тосмо конструкциялардын жана жасалгалоо иштеринин абалына болгон текшерүү иштери жүргүзүлдү. Республика боюнча учурда курулуп жана […]Читать далее

Укук тартиби

Окуучуга кол көтөрдү делген “Сапаттын” мугалими убактылуу кармоочу жайга киргизилди

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы лицейиндеги окуяга байланыштуу мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, социалдык тармактарда “Сапаттын” окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган. Окуя 22-январда болгон. Милициянын билдирүүсүнө таянсак, аталган факт 24-январда Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчи Хидеки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр КР президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарын жогору баалап, япон тарапка жогорку уюштуруучулук үчүн ыраазычылык билдирди. Ушуга байланыштуу сапардын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды, анын ичинде Кыргызстандын туристтик […]Читать далее