Коом

Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү

Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз “The Economist Intelligence Unit” экономикалык журналынын баалоосуна ылайык чыгарылган.   Бүгүнкү күндө КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт. […]Читать далее

Коом

Бир айда Кыргызстанга 120 баш асыл тукум кунаажын жана жылкы

2024-жылдын 1-февралына карата (бир ай ичинде) Кыргызстанга 30 баш асыл тукум кунаажын жана 90 баш асыл тукум жылкы алып келинди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аларга Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан асыл тукумдуулугун тактаган маалым кат берилди.   Эске салсак, 2023-жылы жалпы 401 баш асыл […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багерини кабыл

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Бишкекке келген Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багерини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.   Министр Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.   Жолугушуунун […]Читать далее

Медицина

Бишкекте биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Бүгүн, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.   “Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки […]Читать далее

Коом

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.   Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагы боюнча кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулады.   Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө Энергетика министрлиги менен кытайлык компаниялардын кызматташуусу, долбоорлорду ишке ашырууга болгон кадамдар, ишти баштоого болгон даярдык айтылды.   Мындан тышкары, тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Ысык-Көлдөгү дагы бир жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарды

Мурда “Ак-Жол Болсун” ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Жер тилкеси мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кайтарылган.   Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция (Ысык-Көл […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Сауд Аравия энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү.   КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууга Сауд Аравия Падышалыгынын энергетика министринин мунай жана газдын техникалык жана жөнгө салуу маселелери боюнча орун басары Маджид Аль-Утейби, саудиялык «AcwaPower» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Раад Аль-Саади, Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башкы дирекциясынын пландоо жана долбоорлорду колдоо […]Читать далее

Аймак

Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбор курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.   Логистикалык борбордун жалпы аянты 0,2 гектарды түзөт. Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.   Борбордун ачылышына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, USAID Агросоода долбоорунун жетекчиси Максат Исаков, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясы швейцариялык Bartholet Swiss компаниясы менен кызматташат

Швейцариянын Флумус шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери болгон Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолет менен жолугушту.   Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.   Белгилей кетсек, бул […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: “Каракол” жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Каракол лыжа базасынын жанындагы […]Читать далее