Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды

 Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбор курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.

 

Логистикалык борбордун жалпы аянты 0,2 гектарды түзөт. Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.

 

Борбордун ачылышына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, USAID Агросоода долбоорунун жетекчиси Максат Исаков, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Муктасар Касымовдар жана айыл тургундары катышты.

 

Логистикалык борбор USAIDдин “Агросоода” долбоору менен бирге жеке ишкерлер Сайпидин Жумабаев жана Мухамат Жумабаевдер тарабынан негизделди.

 

Белгилей кетсек, ушундай эле логистикалык борбор Баткен районундагы Ак-Татыр айылында курулмакчы. Анын жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт. Борбордун курулушуна 22 млн сом каралган. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында район үчүн бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен бөлүнгөн.

 

Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Связанный пост