Бишкек шаарындагы ооруканалар жана төрөт үйлөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 20 оорукана иштейт, анын ичинен улуттук деңгээлдгеи 11 оорукана, ал эми 9 оорукана шаардык мэриянын карамагында, арасында төрөт үйлөрү бар. “Учурда бардык покликлиника, амбулатордук жана […]Читать далее
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында заманбап индия бийинин кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маданий иш-чара доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду. Бий кечесине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси […]Читать далее
Чүй облусунун аймагында 2-февралда саат 02:14тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кожомкул айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышты, Суусамыр айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышты, Тунук айылынан 15 чакырым чыгышты, Бишкек шаарынан 90 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Кыргызстандын калк жашаган аймактарында – Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга […]Читать далее
Бишкек Жылуулук борборунда кечке чейин 4 буу казан ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин түтүктөрүнөн суу агып, астыңкы бөлүгүнө суу толгон. Азыркы учурда суулар сордурулуп, кургатуу иштери жүрүп жатат. “Мындан тышкары, электр жабдууларынын айрым бөлүктөрү жабыркаган. Сууну сордуруу жана кургатуу […]Читать далее
Бишкек жылуулук электр борборундагы авария объекттин эски бөлүгүндө болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Министрдин орун басары күтүүсүз жагдай жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу болушу мүмкүн деген оюн айтты. “Анткени жарылуу болгон ЖЭБдин буу казандары 1970-жылдары пайдаланууга берилип, өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аткарып бүткөн. Андан кийин зарылчылыкка жараша […]Читать далее
Россиядагы 100дөн ашык эмгек мигрантына иш берүүчү тартып алган паспортторун кайтарып берүүгө жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркагандар министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылышкан. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук тарабынан берилген […]Читать далее
Борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, турак үйлөрдө температура сакталууда. “Бардык медициналык мекемелерге эскертүү берилип, билим берүү уюмдары онлайн окутууга өттү. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 […]Читать далее
Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымына караганда, объектте катталган кырсык өлкө жетекчилигинин жана атайын кызматтардын түздөн-түз көзөмөлүндө. “Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жеринде тиешелүү адистер иш жүргүзүүдө”, – деди министр. Эскерте кетсек, 2-февралга […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2синен 4-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр […]Читать далее
Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборунда орун алган аварияга байланыштуу керектөөчүлөрдү, калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбайт, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек […]Читать далее