ЖЭБдеги авария. Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок – Ажикеев

Борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, турак үйлөрдө температура сакталууда. “Бардык медициналык мекемелерге эскертүү берилип, билим берүү уюмдары онлайн окутууга өттү. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 градус болушу керек. Үйлөрдөгү температура өмүргө коркунуч туудурган деңгээлге түшпөйт”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Аталган аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.

Связанный пост