Бишкекте бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат

 Бишкекте бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарындагы ооруканалар жана төрөт үйлөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 20 оорукана иштейт, анын ичинен улуттук деңгээлдгеи 11 оорукана, ал эми 9 оорукана шаардык мэриянын карамагында, арасында төрөт үйлөрү бар.

“Учурда бардык покликлиника, амбулатордук жана тез жардам ооруканалары штаттык режимде иштеп жатышат. Бирок, пландык операциялар бүгүн убактылуу токтотулду. Дүйшөмбү күнү абал жөнгө салынса ооруканалардагы операциялар жана башка иштер кадимки режимге өтөт. Ал эми төрөт үйлөрүн жылытуунун альтернативдик жолуна өтүү каралууда”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Связанный пост