Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Татарстандын Раиси – Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн […]Читать далее
Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады. МБКнын маалыматына ылайык, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталган. Баткен облусунун Кадамжай районунунда «Ж.М.К.» жаранынын башкаруусунда «Ford Transit» маркасындагы автоунаа каражаты […]Читать далее
Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү процессин уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди. Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратовдун айтымында, мугалимдер жасалма интеллектти билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат. Бул айдагы курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты […]Читать далее
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 1-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам […]Читать далее
Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты
“Экономикалык керемет — 2030” стратегиясы, аны биз “Илбирстин секириги” деп да атайбыз, ал алдыдагы он жыл экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Экономикалык кереметтин негиздери — 2030: Кыргыз илбирсинин секириги” аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун жана министрлер […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Сергей Вакуновду Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. “Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз, айрыкча саясий жана соода-экономикалык кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде экени белгилүү. Андыктан, элчи катары калыптанган алакаларды арттырып, жигердүү иш алып барасыз деген […]Читать далее
Бүгүндөн баштап батыш автобекети ишин толугу менен токтотуп, жаңы дарекке көчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, эми батыш автобекетиндеги бардык каттамдар “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп баштайт. Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн, батыш автобекетинен “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 бала бакчанын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; – Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев. Эскерте кетсек, алдыдагы […]Читать далее