Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте узак убакыт бою органикалык баңги затын АКШдан Кыргыз Республикасына эл аралык почта компаниялары аркылуу жеткирүү каналын түзүп, андан ары Telegram мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу сатууну ишке ашырган баңги тобун изилдеп келген. «Түндүк» темир жолу КР ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 2-октябрында кабыл алынган. Демилгеленген мыйзам долбоорунда дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы иш-чаранын алдында ТИМдин тарыхын чагылдырган фотогалереяны көрүп чыкты, ошондой эле конокторго өлкөнүн дипломатиялык системасынын калыптанышы тууралуу тасма тартууланды. Президент куттуктоо сөзүндө кыргыз дипломатиясынын тарыхы үч миң жыл мурдагы элдин тарыхы менен тыгыз байланышта […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып иш берүүчүлөр – юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү экендигин эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул талап КР Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы Мыйзам менен киргизилген. Ал жеткис күч жагдайлар пайда болгондо, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланганда жана КР министрлер кабинети тарабынан каралган учурларда жайылтылбайт. Ошондой […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндургөн 16 ишкана катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат. Белгиленгендей, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Ошондуктан, даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 миң 358 учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы эмдөө боюнча техникалык кызматкери Жанара Бекенова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар болгон. Учурда балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу жана кошумча эмдөөдөн баш […]Читать далее
Кыргызстанда аскер кызматкерлерин пенсиясы жогорулады. Бул тууралуу “Токтом” порталы маалымдайт. Ошентип, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлеринин пенсиясы 10,8 %га жогорулатылды. Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Дипломатиялык кызматтын кымбаттуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Ардактуу меймандар жана дипломаттык корпустун өкүлдөрү! Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын белгилөө […]Читать далее
Кыргызстанда шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 944 социалдык кызматкер эмгектенерин билдирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылуу жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен улам өз алдынча жүрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, үй-бүлөлүү жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, үйүндө майыптыгы бар […]Читать далее
Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде (Global Peace Index) дароо 24 баскычка көтөрүлүп, 77-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган рейтингдик уюмдун маалыматында айтылат. Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстан бул рейтингде 101-орунду ээлеп турган. Мындай көрсөткүч Кыргызстан адам өмүрү үчүн коопсуз жана туруктуу болуп, эл аралык аренада позициясын бекемдеп бара жатканынын ачык далили. Global Peace Index – бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин […]Читать далее