Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду. Айыл чарба министрлигиненбилдиришкендей, 2024-жылдын жай мзгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен Кытайдын аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тандоо “Кагор Черные глаза” шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген. Жакында Кытайга Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө […]Читать далее
Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумунун алкагында Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.Читать далее
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси чет мамлекетке чыгып кеткен. Жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.Читать далее
Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат: – кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”; – баасы: 200 сом; – жарактуу мөөнөтү – 1 ай. Маалыматты […]Читать далее
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ош башкы башкармалагында “Альфа” атайын багыттагы кызматынын өздүк курамын куттуктоо аземине катышты. Ташиев 32 жылдыгы белгиленип жаткан “Альфа” бөлүгүнүн элиталык аскер кызматкерлерин куттуктап, сөз сүйлөдү. Майрамдык иш-чарага УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын жетекчилери жана өздүк […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелердин тереңдешине жана кеңейишине жаңы динамика кошоорун белгиледи. Минкаб төрагасынын орун басары 11-форумдун “Жалпы үй куруу үчүн жашыл экономиканын өнүгүүсүнө […]Читать далее
Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 140,3 млн сом суммасында 82 долбоор каржыланды. Сузак району 7 объектисине 18,3 млн сом; Чаткал району 3 объектисине 3,5 млн сом; Аксы району 13 объектисине 23,2 млн сом; Тогуз-Торо району 11 объектисине 12,4 млн сом; Токтогул району 10 объектисине 10,7 млн сом; Ала-Бука […]Читать далее
Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Анын айтымында, жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.Читать далее