Аймак

Жумгалда ата-баланы издөө иштерине 9 дрон менен 116 адам тартылды

Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта […]Читать далее

Коом

Испанияда суу ташкынынан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.   Белгиленгендей, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта.   Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн […]Читать далее

Коом

“Оберон” жана “Оберон-Форт” базарлары кадимки режимде ишин улантат

Бишкектеги “Оберон” жана “Оберон-Форт” базарлары кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, административдик соттун чечими менен жогоруда аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү. Эми алар “Муниципалдык токтотмолор жана базарлар” муниципалдык ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштеп, кийим-кече базары катары өз ишин улантат. “Базардын кызматкерлерине базарлардын […]Читать далее

Экономика

1-марттан тартып жеңил өнөр жай товарлары Россиянын аймагында милдеттүү түрдө

2025-жылдын 1-мартынан тартып Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Ведомстводон белгилешкендей, атамекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл. Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргызстандын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору “Альфа Телеком” […]Читать далее

Коом

Ветеринардык кызмат объекттерди текшерүүдө 1,3 млн сом айып салды

Ветеринардык кызмат объекттерди текшерүүдө 1,3 млн сом айып салды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өлкө боюнча ветеринардык кызматтын көзөмөлүнө тиешелүү болгон 73 миң 242 объект катталган. Орточо эсеп менен алганда бир инспекторго 75 объект туура келет. Экономика жана коммерция министрлиги менен 2024-жылдын 3-кварталына 1290 субъект пландык текшерүүгө макулдашылган. Анын […]Читать далее

Коом

Аскат Алагөзөв: Кийинки жылдан тарта Кыргызстандын аймактарына 4 учак каттай

Аэропорт ички каттамдарды тейлөө үчүн сатып алган 4 самолёттун экинчиси бүгүн кечинде, үчүнчүсү январда, төртүнчүсү майда келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди Анын айтымында, 2025-жылдын май айынан баштап 4 самолёт бардык аймактарга учуп, элге толук кызмат кыла башташат. “30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт. […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте “Оберон” базарлары жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Оберон “Дордой” жана Оберон “Орто-Сай” базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө “Оберон” ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында “Оберон” ЖЧКсы тарабынан “Дордой” (өлчөмү 6,42 га) […]Читать далее

Коом

Ноябрда Еврокомиссия Кыргызстанды авиация боюнча “кара тизмеден” чыгаруу маселесин карайт

Брюсселде Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктен маалымдашкандай, Данияр Бостонов европалык тарапка Кыргызстандын авиациялык кызматтардын коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер, анын ичинде инспектордук курамды окутуу, жабдууларды жаңылоо жана нормативдик базаны жакшыртуу чараларын айтып берди. Жолугушууда Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 18,4 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 18,4 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылга карата республикалык бюджеттин каражаттарынан долбоордун алкагында 2 млн сомдон ашык каражат 20 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүндү. 2022-жылы соцконтракт боюнча 2800 үй-бүлөгө гранттык каражаттар (100 миң сомдон) тапшырылды. Бул […]Читать далее