Министрлер кабинети

Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Эдил Байсалов аны ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө дайындалышы менен куттуктап, кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ал белгилегендей, Кыргызстан ЮНИСЕФтин социалдык саясат жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалайт. […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде чек арачылар 14,6 млн сомдук аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө

Баткен облусунда чек арачылар 14 млн 600 миң сомдон ашуун ири суммадагы аткезчилик жүктөрдүн алып өтүү фактыларына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, 11-майда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте 9 баш бука жүктөлгөн Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.   Анда айдоочунун жана жүргүнчүнүн […]Читать далее

Коом

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер аптанын эки күнүндө коомдук транспорт менен жүрөт

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет.   Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер авто унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү.   Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды. […]Читать далее

Коом

Борбор калаада Ататүрк паркы маселеси боюнча жыйын өттү

Бишкек шаарынын мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү.   Жыйын мэр Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.   Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 2024-жылдын 20-майына пландаштырылган. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод куруу үчүн меморандумга кол

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын аймагында түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат. Ал үчүн бүгүн кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, ал эми түрк тараптан Түркия Республикасынын “Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.” […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, өлкөнүн Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, ошондой эле мыйзамдарды жакшыртуу жана жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо механизмдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу, жарандардын юридикалык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле басмырлоого жана адам укуктарын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимовду кабыл алды. Мамлекет башчысы Ассамблеянын алдыдагы 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар, анын жаңы Жобосун иштеп чыгуу, ошондой эле уюмдун ишмердигиндеги учурдагы чакырыктар жана перспективалар тууралуу маалымат алды. Алмамбет Матубраимов Ассамблеянын ишмердүүлүгүнүн каржылоо маселесине токтолуп өттү. Мамлекет башчысы уюмдун алдында турган учурдагы финансылык кыйынчылыктарды […]Читать далее

Коом

УКМК башчысы “Альфа” атайын багыттагы кызматынын жаңы үлгүдөгү техникалары менен

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ведомствонун орун басарлары менен биргеликте атайын бөлүктүн курман болгон жоокерлерин эскерүү максатында “Альфа” атайын багыттагы кызматына барды. Атайын кызматтан маалымдашкандай, анда Ташиев кызматтын курал-жарак жана техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышып, каза болгон жоокерлерди эскерди Белгилей кетсек, 12-майда “Альфа” атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, бүгүн саат 12:44тө эки өлкөнүн чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат берилет

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөр электрондук аттестат алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт. “Бул окуу жылында биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук […]Читать далее