Ден соолук

Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборунда спортчулар жогорку тактыктагы диагностикага

Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи. Ал жаңы жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кадам кыргыз өкмөтүнүн […]Читать далее

Экономика

2024-жылдын 4 айында Баткен облусуна 162,7 млн сом каржыланды

2024-жылдын 4 айында Баткен облусуна 162,7 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты. Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 155,8  млн сом өлчөмүндө каржыланган. анын ичинен: Теңдөөчү трансферт – 112,9 млн сом; Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,0 млн сом; Электрэнергия болгон 50% компенсациясына […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Италиянын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары, Италия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген италиялык делегацияны кабыл алды.   Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Ошондой эле эл […]Читать далее

Экономика

2024-жылдын 4 айында Жалал-Абад облусуна 393,7 млн сом каржыланды

2024-жылдын 4 айында Жалал-Абад облусуна 393,7 млн сом каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Алар: Теңдөөчү трансферт – 128,1 млн сом; Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 17,7 млн сом; Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 16,4 млн сом; “Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү” боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы №30-т Тескемесине ылайык 127,7 млн сом […]Читать далее

Экономика

2024-жылдын 4 айында Нарын облусуна 161,8 млн сом каржыланды

2024-жылдын 4 айында Нарын облусуна 161,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. Алар: 1. Теңдөөчү трансферт – 121,4 млн сом; 2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,3 млн сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,1 млн сом. Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына […]Читать далее

Коом

Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.   Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 13-майда кол койду.   Буга чейин Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.Читать далее

Коом

Сузакта болгон окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча комиссиянын иши аягына чыкты

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда бул иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген. Атап айтканда, облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан […]Читать далее

Коом

Ош шаарындагы кесиптер жарманкесине 2 миңден ашык бош орун сунушталды

Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жумуш издеген жарандар үчүн кесиптердин жарманкесин уюштурду. 45 компания экономиканын ар кайсы тармактарында 2000ден ашуун бош жумуш орундарды тапшырышты. Ошондой эле ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду. Жарманкеде ийгиликке жетишкен инсандар мотивациялуу ийгилик окуялары менен […]Читать далее

Укук тартиби

Аламүдүн районунда 51 млн сомдук жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнө

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, жер үлүшүнө укугу бар жарандардын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргызстандын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, кезектүүлүк тартибинде КР өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жер тилкелери берилери аныкталган. Бирок, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен […]Читать далее

Коом

Сузактагы кырсык. Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды

Сузактагы кырсыктан жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди. Дарыгердин айтымында, үйүнө чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык.   “Учурда ооруканада төрт бала дарылануусун улантууда. Аларды дагы ушул жуманын аягына чейин үйүнө чыгарууну пландап жатабыз”, – деди Акылбек Маманов.   Башкы […]Читать далее