Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Бул дата биздин элдерибиздин даңктуу жылбаянына оор согуш жылдарында фронтто жана тылда көрсөтүлгөн улуу эрдиктин, кайраттуулуктун жана болуп көрбөгөндөй баатырдыктын символу катары түбөлүккө кирди. Фронттук жоокерлердин, биздин мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Төраганын куттуктоо сөзү: “Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери! Ардактуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Жалпы адамзат тарыхындагы эң кандуу, эң кайгылуу окуялардын бири саналган Улуу Ата Мекендик […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Бул күн, арадан ондогон жылдар өтсө дагы, биримдиктин, тилектештиктин жана оор сыноолордо туруктуулуктун үлгүсү иретинде өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди жакындаткан маанилүү тарыхый окуялардын катарында турат. Улуу Жеңиштин элеси муундан муунга өтүп, бизди жаңы маанилүү […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Ушул өзгөчө маанилүү күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу жана бүткүл адамзаттын бактылуу келечеги үчүн тайманбастан салгылашкандардын, ошондой эле өздөрүнүн талыкпаган жана жан аябас эмгеги менен жаркын Жеңиш күнүн жакындаткан тыл эмгекчилеринин ысымдарын өзгөчө […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Бул тарыхый дата – эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу. Жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Бул улуу майрам бир тууган элдерибиздин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналат. Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине […]Читать далее
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз. Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Улуу Ата Мекендик согуштун ардактууардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери! Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жалпы журтчулугу! Бүгүн, 9-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин калкы, мурдагы антифашисттик коалициянын бардык өлкөлөрү, бүткүл прогрессивдүү адамзат үчүн маанилүү күндү – Совет элинин Улуу Ата […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына келди. Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды. Мамлекет башчысына мындан туура 80 […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарында өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты. Ведомстводон маалымдашкандай, айрыкча аскердик оор техникаларды коштоп жүрүү, чоң көчөлөрдө жол тыгындарына жол бербөө багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Азыркы учурда оор техникалар өтүү үчүн убактылуу жабылган жолдор ачылып, шаарда жол […]Читать далее