Коом

Жээнбек Кулубаев: Россиядагы мекендештер 1-сентябрга чейин кара тизмеден чыкпаса, депортация

Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, буга президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин […]Читать далее

Аймак

Жакында жаңы эл аралык Жалал-Абад аэропортунун курулушу башталат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жакында жаңы эл аралык Жалал-Абад аэропортунун курулушу башталат. Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы 381 гектар аянтка курулат. Аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, комфорттун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки буруучу […]Читать далее

Коом

5 айга кичи автобустардын Бишкек-Ош унаа жолунда каттоосуна тыюу салынды

5 айга кичи автобустардын Бишкек-Ош унаа жолунда каттоосуна тыюу салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу максатында Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде Төө-Ашуу аркылуу жүргөн Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Талас […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө министрлер кабинетинин төрагасынын куттуктоосунун толук тексти берилет: “Урматтуу банк тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жүгүртүүгө киргизилген күнү белгиленүүчү Банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү, финансылык стабилдүүлүгү жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Салтанаттуу иш-чарага 10 миңге жакын адам катышып, 130дан ашык аскердик техника жана авиация тартылган. Жөө колоннага адаттагыдай эле аскерлердин ар кыл түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнөн турган полктор, батальондор жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Чет өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Адылбек Касымалиевди жана кыргыз элин Жеңиш

Чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Жеңиш күнүнө карата куттуктоолору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине келип түштү. Анда, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Министрлер Кабинетинин Төрагасына куттуктоо телеграммасын жөнөттү. “Бул ыйык майрам – элибиздин биримдигинин символу, советтик жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу, ошондой эле ачуу оор кыйынчылыктарды жана миллиондогон […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров жаңы Рим Папасы Лев XIVнү шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим Папасы Лев XIVнү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. «Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл […]Читать далее

Коом

Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Бүгүн Бишкек шаарынын “Жеңиш” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Митингге коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, коомдук ишмерлер, борбордун тургундары жана меймандары катышты. Бишкек шаарынын мэри согуштун ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин жана бардык кыргызстандыктарды Жеңиш күнү […]Читать далее

Президент

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен

Түркмөнстан Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. «Жеңиш күнү – тынчтыкта ​​жанаша жашоонун, ак ниеттүүлүктүн жана гуманизмдин идеясын жар салган жаркын майрам. Бул тарыхый күн элдердин кебелбес руханий биримдигинин, ошондой эле өз өмүрүн кыюу менен жер бетинде тынчтыкты коргогон […]Читать далее

Президент

Король Саудовской Аравии поздравил Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с

Король Королевства Саудовской Аравии Салман бин Абдулазиз Аль Сауд поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с 80-й годовщиной Победы в Великой Отечественной войне. «С огромным удовольствием направляем Вашему Превосходительству самые искренние слова поздравления и наилучшие пожелания здоровья и счастья, а Правительству и братскому народу Кыргызстана дальнейшего развития и процветания», – говорится в […]Читать далее