Коом

Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Анкара шаарында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык саясат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улуу муундагы жарандарга жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Казакбаев […]Читать далее

Коом

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 86 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун бешинчи абзацына ылайык жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Президент

Президент саламаттыкты сактоо министрине Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барды. Борборго барууга учурда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекеменин иш жагдайынын оордугу тууралуу тынчсыздандырган белгилер себеп болду. Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн […]Читать далее

Президент

Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик

Президент – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Алгач Мамлекет башчы Жеңиш паркындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды. Андан соң “Ала-Тоо” борбордук аянтында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу […]Читать далее

Аймак

Баткен облусу боюнча 13 объектте курулуш иштери, 7 объект капиталдык

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен министрликтин жетекчилиги эс алуу күндөрү республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык объекттерге текшерүү жүргүзүүдө. Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунда курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектердин […]Читать далее

Президент

Президент: Жакында күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орточо 35%га

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35%га көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук аянтында өтүп жаткан Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда сүйлөп жатып билдирди. Өлкө башчы өз сөзүндө белгилегендей, мамлекет учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү баштаган күч органдары эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди […]Читать далее

Коом

Индия, Пакистандан келген студенттердин ортосунда провокациялардын алдын алуу боюнча зарыл

Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу КР Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте жогоруда аталган өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттердин ортосунда провокациялардын жана чыр-чатактын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Тактап айтканда, КР ББжИМ буйрук чыгарган, анда чет мамлекеттерден келген студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардын администрацияларына […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

«Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз», – деп Кыргыз Республикасынын президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, «Ала-Тоо» борбордук аянтында кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 […]Читать далее

Коом

ТИМ чек арадагы жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарды Индия менен Пакистанга барбай

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге баруудан карманууну катуу түрдө сунуштайт. Министрлик Пакистанда, же Индияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт. Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, […]Читать далее

Саясат

Бишкекте кыргыз-түрк мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланды

Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 27-29-апрелинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун Кыргызстанга болгон расмий сапарына канааттангандыгын билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун мындан аркы пландарын талкуулашты. Анда ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана […]Читать далее