Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев Санкт-Петербургда КМШ ПААнын жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин жыйынына катышты. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында төрага Жогорку Кеңештин демилгеси менен жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп келе жаткан “Шериктештиктин балдары” IX Эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасады. “Салтка […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар мекемелерди кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда сервердик бөлмөнүн курулуш-монтаждоо иштери, инфраструктуралык инженердик жабдуулар менен камсыздоо иштери аяктап калды. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору өлкөнүн санариптик трансформациясын ишке киргизүү, борборлоштурулган инфраструктурага өтүү, ишенимдүүлүк жана маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоону […]Читать далее

Коом

УКМК жылдын I жарымында мамлекеттин казынасына 50 млрд сом кайтарды

Бүгүн төрага Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү.   Коллегиянын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев соңку жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө чоң натыйжа бар экенин баса белгиледи.   Өзгөчө Коопсуздук кызматкерлеринин ыкчам жана күжүрмөн иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүнкү […]Читать далее

Коом

Айгүл Жапарова “Витебсктеги Славян базары” фестивалынын ачылышына катышты

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 11-июлда беларус тараптын чакыруусу боюнча ардактуу мейман катары “Витебсктеги Славян базары” XXXIII Эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Салтанаттуу иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачты, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду.   Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 […]Читать далее

Коом

Бишкекте Кыргызстанга кайтып келген мигранттарды колдоо маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган эмгек мигранттарын реинтеграциялоо маселелери боюнча тегерек столдун жүрүшүндө өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо маселеси талкууланды.   Ведомстводон маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Азия жана Европа өлкөлөрүн реинтеграциялоо саясатынын жана долбоорлорунун ар кандай мисалдары жана Кыргызстанда алардын укук колдонуу практикасынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода үйлөрүн ачуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолукту.   КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык тармактагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын багыттары талкууланды.   Ошондой эле тараптар 2024-жылдын 17-июлунда Ташкент шаарында өтө турган Кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдыкты талкуулашты. Бул иш-чара эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө […]Читать далее

Коом

Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген 180 орундуу бала бакча мамлекетке алынды

Чүй районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 180 орундуу бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.   Маалыматка ылайык, Искра айылынын тургундары айылдагы жалпы аянты 0,72 га түзгөн 180 орунга ылайыкталып курулган бала-бакча жеке колго өтүп кеткендиги боюнча кайрылуунун негизинде Чүй районунун прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилген. Соттук кароолордун жыйынтыгында Жогорку соттун […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.   Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.   Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда айыл чарба ишканалары алгачкы жолу ири киреше менен чыгууда

Айыл чарбасындагы мамлекеттик ишканалар алгачкы жолу ири киреше менен чыгышууда. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.   Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу жалпысынан 29 мамлекеттик ишкана болгон. Бирок, 2023-жылдын соңунда алардын ишинин натыйжалуулугун артыруу максатында бириктирүү чечими кабыл алынган. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсына атайын техникаларды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техниканы тапшырды.   “30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында […]Читать далее