Саламаттык сактоо министрлиги Оштогул селден жабыркагандарга седициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат беришти. Ведомстводон “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, 14-июлда Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жаракаттары менен 9 адам кайрылган. Бардык жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабыркагандардын биринде көк ала тактар, айрымдарында сыныктар жана дагы үчөөнүн стресске катуу реакциясы аныкталган. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде […]Читать далее
Бүгүн Оштогу селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Анын 170и өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, 2 кинолог, суучул-куткаруучулар жана 180 адам жарандык коргонуу кызматтарынан. ӨКМден белгилешкендей, алар 4 топко бөлүнүп иштеп жатышат: Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы), Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы […]Читать далее
Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалым болгондой, билим берүү уясынун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2015-жылы башталган. Мектептин эски имараты 1958-жылы ашар жолу менен салынып, ал эми 1982-жылы экинчи корпусу салынган. Бул жылдар аралыгында имарат капиталдык […]Читать далее
Кыргызстанда “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 7,1 млрд сом пайызсыз насыя берилди. Финансы министрлигинен маалымдашкандай, аталган суммага жалпы 10 миң 185 ишкер пайызсыз насыя ала алышты. Анын ичинен: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 821 ишкерге 5 млрд 80 млн 703 миң 917 сом; 2-категория боюнча (3 млн сомго […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти. Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта: 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП); 642 турак үйгө суу кирген. Ош шаары боюнча: 1 соцобьект (1 бала […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 8-июлдан 14-июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 46 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 282; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 216; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 63; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы боюнча 1147 жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча акысыз билим алууга жөнөтүлгөн. Окутууга жөнөтүлгөндөрдүн 26% сулуулук индустриясын, айдоочу курстары (23,8%), бухгалтер адистигин (12%), соода агенттерин (8%) тандашкан. Тил курстары, компьютердик сабаттуулук, веб-дизайн жана графикалык дизайн […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Ош облусундагы селдин кесепеттери боюнча саат 00:00 карата жалпы маалымат менен бөлүштү. Анын маалыматына ылайык: – Кыргыз-Чек айылында – 95 үйгө сел кирген, 10 унаа жеңил жабыркап, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлгөн, 2 оор техника тартылды. Социалдык объектилерден 1 мектеп жана 1 ооруканага сел суулары кирген. ЖК тарабынан […]Читать далее
Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, сел агызып кеткендер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 1980-жылы туулган Д. Н. (аял киши), анын кыздары 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М. жана 2018-жылы туулган С. Алар Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда эс алып жүрүшкөндө сел агызып кеткен. […]Читать далее
Ош шаарынын аймагында бүгүн, 14-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан […]Читать далее