Учурда “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2″ долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык аба боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу билдирди. Анын айтымында, долбоор Бишкек жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу, жылытуу мезгилинде шаардагы түтүн-ыш каптоонун деңгээлин азайтууга багытталган. Абанын […]Читать далее
Кылмыш чөйрөсүндө “Тапанча” каймана аты менен белгилүү болгон ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдары туралуу тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн, […]Читать далее
Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Бул тууралуу Ош шапрынын мэриясынан маалымдашты. Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат. Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга […]Читать далее
Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 620 адамга азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты. Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта – оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат: • “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – 36 миң […]Читать далее
Ош облусунда 7 айга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 12 млн сом суммасында 19 долбоор бекитилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анда: Кара-Кулжа районунун 3 объектисине 1,9 млн сом; Кара-Суу району – 3 объектиге 2,1 млн сом; Ноокат району – 1 объектиге 0,7 млн сом; Алай району – 3 объектиге 1,9 млн сом; Өзгөн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгынын негизги аспектилери каралып, шаарды жылуулук менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо чаралары, оңдоо иштеринин жүрүшү, модернизациялоо, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. Акылбек Жапаров борбор калаанын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен ишенимдүү […]Читать далее
Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды. Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды. Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган. Андан кийин коло […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш […]Читать далее
“Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу 3 млн документ катталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, учурда “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына 3 миңден ашык уюм кошулган, колдонуучулардын саны 150 миң адамды түзөт. Ал эми санариптештирилген документтердин жалпы саны 18 миллионду түздү, электрондук документ […]Читать далее