Президент

Азербайжан жана БА өлкөлөрүнүн лидерлери Астанада өткөн “Достук кечеси” гала-концертине

Президент Садыр Жапаров 8-августта, Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты.   Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты.   Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты.   Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.   Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.   Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.   Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн, Ардак кароолдун ротасы тизилген. […]Читать далее

Коом

Чолпон-Атада Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара

Бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.   Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбаев, Министрлер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.   Өз сөзүндө Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерин маараке менен куттуктап, алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилгендиги мамлекеттик аппараттын туруктуу жана натыйжалуу ишинин ачкычы экенин белгиледи. Президенттин Иш башкармалыгы мындан ары да өлкөнүн […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.   Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.   Расмий делегациянын курамындагылар:   – тышкы иштер […]Читать далее

Президент

Президент Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековду Олимпиада оюндарында коло медалга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөлөрү жана грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековду Парижде (Франция) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.   “Коло медаль алсаңар да элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Андыктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп башыңарды ийбегиле! Эң негизгиси эли-журтуңардын […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган салтанатка

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекесине карата Чолпон-Ата шаарында уюштурулган аземге катышты.   Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Иш башкармалык Президенттин гана эмес, Жогорку Кеңештин да ишин каржылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыздаган негизги көмөкчү орган катары кызмат көрсөтүп келе жатканын белгиледи.   “Баарыбыз жакшы билгендей, […]Читать далее

Аймак

Ош облусунда жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:12де өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда […]Читать далее

Президент

Президент айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамдын максаты республиканын калкына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо болуп саналат.   Мыйзам […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлерин 30 жылдык мааракеси менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү.   Мамлекет башчысы чогулгандардын бардыгын маанилүү окуя менен куттуктап, эгемен Кыргызстандын тарыхы тагдыр чечер оош-кыйыш окуялар, өнүгүү жолуна түшүүдөгү түмөн түйшүктүү иш-аракеттер менен коштолуп келгенин белгиледи.   Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, […]Читать далее