Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 430 миңге жакын мал идентификациядан өттү

Жыл башынан бери республика боюнча 430 миңге жакын мал идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 413,8 миңи ири мүйүздүү мал, 5,1 миңи чочко жана 10,9 миңи жылкы.   Ошондой эле топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 755 адам жана 59 техника тартылды

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам жана 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника жана 8 мотопомпа чыкты.Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор жана 3 ассенизатор […]Читать далее

Экономика

Курулуш тармагында жылдын биринчи жарымында иштин көлөмү 44,5%га өстү

Кыргызстандын курулуш тармагы өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-июнь аралыгында 44,5%га өстү. Мындай статистиканы Евразия экономикалык комиссиясы чыгарды.   Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн.   ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнунда аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин 71% оруп-жыйналды

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө.   Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары жыйналды, же 71,5 % түздү. Бул өткөн жылдагыдан 71,2 миң […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Катар кайрымдуулук фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Адылбек Касымалиев жарандардын жашоосун жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук демилгелерин колдоонун […]Читать далее

Аймак

Ошто мыйзам бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында мыйзам талаптарын бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Ош региондук мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы “ЭУМ” ЖАК тарабынан Ноокат районунун борбордук бөлүгүндө курулуп жаткан соода борбордун курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүздү.   Текшерүүнүн жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталып, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту.   Акылбек Жапаров француз тарапты Парижде жайкы Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул оюндар Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый болуп калганын, Кыргызстандын командасы 6 […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн саат 17:55те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга (Торкен айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Жыгач айылынан 8 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 7 айда эреже бузган жүк ташуучуларга 64,6 млн сом

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жыл башынан бери жүк жүктөгөн айдоочуларга 64,6 млн сом айып пул салынды.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 7 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 410 миң 336 унаа текшерилип, анын натыйжасында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4 420 протокол түзүлдү. Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок, бирок алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталбган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуую Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Ведомствонун маалыматына караганда, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу […]Читать далее