Укук тартиби

УКМК ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаранды кармады

“Макаров 9 мм” тапанчасын мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга же алып жүрүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран аныкталды.   Тактап айтканда, К.Т.С. […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Муниципалитеттин маалымматына караганда, үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.   Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров миссиясынын аякташына байланыштуу Франциянын элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаусту анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.   Кабыл алуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Франсуа Делаусту миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи.   Мамлекет башчысы Элчи Франсуа […]Читать далее

Спорт

Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана унаа тапшырылды

Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды.   Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүнчө керектөө муктаждыктары үчүн алышат

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү.   Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6% көбөйдү. Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаары (берилген микрокредиттердин жалпы […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 430 миңге жакын мал идентификациядан өттү

Жыл башынан бери республика боюнча 430 миңге жакын мал идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 413,8 миңи ири мүйүздүү мал, 5,1 миңи чочко жана 10,9 миңи жылкы.   Ошондой эле топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 755 адам жана 59 техника тартылды

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам жана 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника жана 8 мотопомпа чыкты.Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор жана 3 ассенизатор […]Читать далее

Экономика

Курулуш тармагында жылдын биринчи жарымында иштин көлөмү 44,5%га өстү

Кыргызстандын курулуш тармагы өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-июнь аралыгында 44,5%га өстү. Мындай статистиканы Евразия экономикалык комиссиясы чыгарды.   Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн.   ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнунда аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин 71% оруп-жыйналды

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө.   Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары жыйналды, же 71,5 % түздү. Бул өткөн жылдагыдан 71,2 миң […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Катар кайрымдуулук фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Адылбек Касымалиев жарандардын жашоосун жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук демилгелерин колдоонун […]Читать далее