Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Apple компаниясынын Түркия, Түштүк Африка, Катар жана КМШ боюнча мамлекеттик саясат жана өкмөт менен иштешүү боюнча жетекчиси Эсра Кёни менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар санариптештирүү жана iOS базасындагы кызматтарды киргизүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар америкалык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Алардын арасында Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин, “Apple Inc.,” технологиялык корпорациясынын, “Pfizer” трансулуттук фармацевтикалык компаниясынын, Франклин университетинин өкүлдөрү бар. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл жогорку технологияларды, санариптештирүү, билим берүү демилгелери, фармацевтика тармагын жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө бурулду. […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Иш-чара эски аянтта өтүп, анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды. Министр белгилегендей, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдуулугун, калк […]Читать далее
Кыргызстанда мектептерде күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күзгү каникул 7 күнгө созулат. Мектеп окуучулары 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы.Читать далее
Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жашыл экономика фондунан билдиришти. Фонддон маалымдашкандай, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 млрд сомду түзөт. Долбоор президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында демилгеленген болчу. Чакан ГЭС 6,31 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. Иштер “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылат. Бул долбоор Баткен […]Читать далее
Кыргызстанда Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа даярдалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда программаны даярдоо иштери аяктап калды. Документке жашыл экономиканын артыкчылыктуу бир катар багыты киргизилген. “Буга чейин 2019-2023-жылдарга карата Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы ишке ашырылды. Жаңы программа жашыл энергетика, […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 6 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-октябрда тоого эндиктин тамырын казып алууга кеткен 14 адам үйлөрүнө кайтып келген эмес. 16-октябрда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан издөө-куткаруу иштери башталып, 8 адам аман-эсен табылган. Табылган жарандар тоодо кар көчкү жүргөнүн […]Читать далее
Бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат. 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоого 39 партия катышууда. Шайлоого 4928 талапкер катталып, анын ичинен […]Читать далее
Жыл башынан тарта «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 10 миллиард 37 миллион сом төккөн. Бул тууралуу ишканын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 6 миллиард 388 миллион сомдон ашык дүң кирешеге салыгы, минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү салыгы 317 миллион 647 миң сом, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 803 […]Читать далее
Бүгүн түнү саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункттарында […]Читать далее