Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кеткен ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн аларды издөөгө жалпы 14 адам тартылды. Анын ичинде 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам. Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу […]Читать далее
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 5-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында “Ынтымак ордодо” Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң чакан жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, ошондой эле […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 4-5-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң эки мамлекет башчыларынын чакан курамдагы сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңешинин алтынчы жыйыны болуп өттү, анда кыргыз-түрк өз […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында болуп, ал жердеги бейтаптарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү шарттары менен таанышты. Иш сапарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Анда Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу Премьер-министр мырза, Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Бүгүн Венгриянын Премьер-министри, урматтуу Виктор Орбан мырзаны, […]Читать далее
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн […]Читать далее
Кыргызстан президенти менен Венгрия премьер-министри кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрдү
“Бүгүн биз кол коюп жаткан Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация тараптардын достук, бир туугандык, өз ара урматтоо жана ишеним духунда эки тараптуу байланыштарды чыңдоого карай багытты улантууга болгон өз ара чечкиндүүлүгүн тастыктайт”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын Кыргызстанга жасаган расмий […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына келди. Өзбекстандын Президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Венгрия Элдик Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 5-ноябрда, чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр башталаар алдында “Ынтымак Ордодо” кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү. Президент Садыр Жапаров менен Премьер-министр Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан […]Читать далее