Экономика

Түркия Кыргызстандын 58,8 млн доллар карызын кечти

Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлорго деп 100 млн доллар карыз алган экен.   Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, учурда, анын 58,8 млн доллары калган.   “Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган.   Бүгүн, Түркия президенти Кыргызстанга болгон […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.   Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.   Аны тапшыруу аземинде Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин терең ыраазычылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик […]Читать далее

Экономика

CASA-1000 долбоорунун энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады

CASA-1000 долбоорунун энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштыра турган ири трансаймактык электр берүү линияларын түзүүгө багытталган CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилерин курууну аяктады. Бул долбоорго төрт мамлекет – Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан катышууда.   […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча массалык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады.   Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:   “Урматтуу Президент мырза, Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар,   Бүгүн биз Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзаны Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер жаңы жалпы камтуучу

“Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы мамилелер жаңы жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүүдө”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон кеңейтилген форматтагы жолугушууда баса белгиледи.   Сүйлөшүүлөр эки өлкө лидерлеринин төрагалыгы алдында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы отурумунун алкагында […]Читать далее

Саясат

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди.   Азербайжандын Президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.   Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.   […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.   Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген.   “Ынтымак-Ордодо” сүйлөшүүлөр башталаар алдында эки өлкө лидерлеринин кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.   Түркия Президентинин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди.   “Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү.   […]Читать далее

Коом

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту.   Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.   Ошондой эле Түркиянын Президенти жазуучу […]Читать далее