Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-мисир биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Төмөнкү документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко […]Читать далее
Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Мисир Араб Республикасынын Премьер-министри Мустафа Мадбулинин жана Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлдү. Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 5-ноябрында «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, анда өлкөнүн жетишкендиктерин, өнүгүү приоритеттерин жана тышкы экономикалык келечегин кеңири чагылдырды. МинКаб башчысы өкмөт туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасын белгиледи: акыркы үч жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 9,0%ды […]Читать далее
Бүгүн, 5-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. УКМКдан маалымдашкандай, анда борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УДИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдуулар берилди. Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин стабилдештирүү фондунан 35 млн 100 миң сом бөлүнгөн. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезити жазды. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынып, 31-октябрда жарыяланган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тактоолор киргизилди. Мыйзамдын негизги жоболору: 9-беренеде банк мыйзамдарынын жоболору […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Абдель Фаттах Ас-Сиси менен өткөн кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүсүндө билдирди. Анда мамлекет башчысы кесиптешин 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп […]Читать далее
Манас шаарына 6-ноябрдан тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду. Белгиленгендей, жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында орун алды. Тараптар Кыргызстандын президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болорун белгилешти. Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар […]Читать далее
Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Улуттук госпиталдын базасында Катардан келген адистер менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү өттү. Операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Муну менен өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген жети чоң адам угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Операцияларды өткөрүү […]Читать далее