Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Каир шаарында Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушту. Жолугушуунун башында спикер Мисир парламентинин бир жарым кылымдан ашык тарыхы жөнүндө айтып берди. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашты. Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын […]Читать далее
Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүсүндө айтылды. Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Өз кезегинде Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени колдоду. Өлкө башчысы Садыр Жапаров эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун, […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кыргызкөмүр” ААКка көмүр ташууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал ишкананын “Балыкчы” филиалына барган учурда айтты. Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр базадагы көмүрдүн көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты. Ибраев “Балыкчы” филиалына калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу үчүн уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле күз-кыш мезгилинде […]Читать далее
Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖКККББнын кызматкерлери республика боюнча жолдордо кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салып, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын текшерип, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды көрүшүүдө. Айрыкча Бишкек–Нарын–Торугарт жана […]Читать далее
Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукканда билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында элчиликти ачуу чечими кабыл алынган. Египеттин президенти саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен Каир шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды. Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасына ыраазычылык […]Читать далее
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталып, мекеменин кызматкери жана эки ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, тергөө учурунда Биринчи май калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. ортомчулар Д.Э.М. жана Д.К.Э. менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн Калкты тейлөө борборуна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча […]Читать далее
Өлкөдө бир жылда ийри мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу 9 пайызга өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылга жасалма жол менен уруктандыруу максатында сатып алынуучу уруктук материалдардын жалпы көлөмү 270 миң дозаны түзөт. Бүгүнкү күнгө карата республиканын дээрлик бардык облустарына графикке ылайык 98 миңден […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти. Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү […]Читать далее
Бүгүн Кара-Көл шаарында 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Турак үйдүн курулушу алгач 1985-жылы башталып, бирок каржылоо жана долбоордук иштердин үзгүлтүккө учураганынан улам, көп жылдар бою толук бүткөрүлбөй келген. […]Читать далее