Коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү жана жарандардын укуктарын, кол салуулардан жана бузуулардан коргоо максатында КР УКМК тарабынан массалык нааразылык акциялары жана массалык башаламандыктар менен коштолгон жергиликтүү жаңжалдарды уюштуруу жолу аркылуу, улуттар аралык кастыкты козутууга даярдык көрүү фактылары аныкталып, бөгөт коюлду. Мында негизги максат – коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, анын артынан мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. 2025-жылдын […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти. УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. “Товарларды шаарга жеткирүү […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүүнү караштырууда. Ведомстводон билдиришкендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз […]Читать далее
Жети-Өгүздө 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 га жер участогун мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээси жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, 14 га жерди Жети-Өгүз районунун […]Читать далее
Президентинин Администрациясында балдардын укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын, Башкы прокуратуранын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, облустардагы ыйгарым укуктуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Жолугушууда минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу мамиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолго кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынды. Жумуштар жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында жүрүп, анда чоң көлөмдө түшө турган кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулат. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлери менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты. Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын айрым ээлери машинелерди мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам Ташиев президент […]Читать далее
Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен мурда “Кара-Суу канаттуулар […]Читать далее
Баткен облусундагы май куюучу станцияларынын биринде маркасы жок дизелдик отунду сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Ведомстводон билдиришкендей, майдын жалпы көлөмү 12 689 литрди, ал эми жалпы суммасы 946 599 сомду түздү. Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн аймактык көзөмөл органына өткөрүп берүү үчүн даярдалып […]Читать далее