Кыргызстанда дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздоо 94 пайызды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө республика боюнча 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 60,8 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон же камсыздалганы 94% […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы «Технопарк» IT-хабынын ачылышына катышты. Мамлекет башчыны IT тармагын өнүктүрүү жаатында алектенген Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын колдоосу менен ата-мекендик программисттер жасаган БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алды. Борборду кыдыруу учурунда Президентке IT-хабдын резиденттери, анын ичинде Кыргызстандагы соода жүргүзуүү, жумуш жана турак жай издөө боюнча эң ири […]Читать далее
«Айыл чарбасын каржылоо -13» долбоору боюнча 2025 -жылдын 10-апрелине карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат. “Өсүмдүк өстүрүү” боюнча жалпы 229 млн 466,0 миң сомго 480 насыя берилди. банктар боюнча алганда: – “Айыл Банк” ААК – 118 млн306,0 миң сомго 258 насыя – “Элдик Банк” ААК – 111 млн 160,0 миң сомго 222 насыя. “Мал чарбачылык” […]Читать далее
Аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигине караштуу аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башында кылмыштуу топтун 10дон ашуун мүчөсү борбор калаадагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин күч колдонуу жана коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражаттарын тартып алышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө Ички иштер […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталарын билдирет. Белгиленгендей, министрликтин демилгеси менен эки жылдан бери сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган алгылыктуу иштер аткарылууда. Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мындан […]Читать далее
“Кумтөр Голд Компани” акыркы 2 жылда Ысык-Көл облусуна 147 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу “Кумтор Голд Компани” ЖАК башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун облус башчысы Бакытбек Жетигенов менен болгон жолугушуусунда айтылды. Компаниядан билдиришкендей, бул каражат облустун аймагында социалдык долбоорлорду колдоого багытталган. Жолугушууда компаниянын 2024-жылдагы көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары, Кумтөр ишканасынын Ысык-Көл облусунда ишке ашырып жаткан долбоорлору […]Читать далее
IT-хаб ишкерлердин бири-бирине жол көрсөтүп, IT тармагында өнүүгүгө карай бирге бет алуучу аянтчасы болот. Бул тууралуу “Технопарк” IT-хабынын ачылышы аземинде санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Министрдин айтымында, IT-хабдагы компания-резиденттерди жеке жана мамлекеттик деп бөлүп кароого болбойт. “IT технологиясы жеке жана мамлекеттик компаниялардын жардамында өнүгөт. Андыктан, аларды жеке жана мамлекеттик деп бөлүп […]Читать далее
Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарындагы металлургиялык заводдордун жана комбинаттардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышкан. “Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири болуп саналат. Курулуш темптери боюнча көптөгөн өлкөлөрдү артта калтырып, асман тиреген имараттарды жана […]Читать далее
Жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып республиканын бардык аймактарында маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө […]Читать далее
Мектептерге бардык балдар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомстводон белгилешкендей, ар бир бала билим алууга укуктуу. “Ал эми эмдөө маселеси боюнча дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөлөрдү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурларда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн. Бирок бардык балдар медициналык кароодон […]Читать далее